• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты

7 Бирдин айы 2024 15:09 Бишкек Govori.TV

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери, кенже сержант Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, аларга берилген азык-түлүктүн сапаты тууралуу маселе көтөрүп, видео кайрылуу жасады.

Ал аскер бөлүктө мыйзамсыз иштер болуп жатканын айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Бул аскер бөлүгүндө мыйзамдуу жана мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган окуялар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда. Мен бул тууралуу Бишкек шаарына чейин барып, жогорку кызматтагы аскер адамдарына айткам, бирок бул жерде «карга карганын көзүн чукубайт» болуп жатат», — деди ал.

Тиешелүү органдар комментарий бере элек.

Количество просмотров: 358