• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аскерлерге зомбулук көрсөткөн жетекчилер камакка алынды

22 Үчтүн айы 202411:58 Бишкек Govori.TV

Аскерлерге зомбулук көрсөткөн Коргоо министирлигинин аскер бөлүгүнүн жетекчилери камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында зомбулук көрсөткөн аскер бөлүгүнүн 3 жетекчиси камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.

Количество просмотров: 239