• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Астана Өзбекстан менен соода жүгүртүүнү эки эсе көбөйтүүгө ниеттенүүдө

20 Бирдин айы 2024 9:13 Бишкек Govori.TV

Казакстан Өзбекстан менен соода жүгүртүүнү 4 миллиард доллардан 10 миллиард долларга көбөйтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 19-февралда Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу өзбек кесиптеши Бахтиёр Саидов менен Астанадагы жолугушууда билдирди.

«Кийинки тапшырма – азыркы динамиканы жоготпостон соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү. Казак-өзбек чек арасында Эл аралык өнөр жай кооперация борборунун ишке кириши эки тараптуу соода жүгүртүүгө салым кошот деп күтөбүз», — деди Нуртлеу.

«Казакстан менен Өзбекстанда жашаган мекендештерибиз эки өлкөнү байланыштырган «алтын көпүрө» болуп саналат. Казакстан аймагында 500 миңдей [этникалык] өзбектер, Өзбекстанда 800 миңге жакын [этникалык] казактар жашай турганын билесиздер. Мунун баарын биз эки өлкөнү жакындаткан жакшы фактор деп эсептейбиз”,-деп кошумчалады Нуртлеу.

Маалыматка караганда, тараптар Борбор Азия чөлкөмүнүн актуалдуу маселеси – суу-энергетика комплекси боюнча пикир алмашып, аны чечүү жолдоруна көңүл бурушту.

19-февралда Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов расмий сапар менен Казакстандын борборуна келген. Иш сапардын алкагында акын Алишер Навоинин эстелигин ачуу жана Казакстандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалууда.

Өзбекстан дипломатынын сапары каракалпак укук коргоочусу Акылбек Муратовдун Алматыда кармалышынан бир нече күн өткөндөн кийин болду. Өткөн ишембиде Алматынын тергөө соту аны 40 күнгө камакка алганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 48