• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Астанада кармалган орусиялык активист бошотулду

7 Теке 2023 9:19 Бишкек Govori.TV

5-июлда Астанада полиция орусиялык 39 жаштагы активист Андрей Павловду кармап, 6-июлда кайра бошотту. Бул тууралуу Казакстандагы орусиялыктарга колдоо көрсөткөн “Точка невозврата” долбоору кабарлады.

Орусияда Павловго “Орусия аскерлеринин кадыр-баркын түшүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Мурдараак Астана полиция департаменти Орусиянын эл аралык издөөдөгү жараны кармалганын кабарлаган.

Укук коргоочулардын айтымында, Казакстанга былтыр декабрда келген Павлов саясий башпаанек сурап арыз жазган.

2022-жылдын март айында Павлов Украинанын желегин, “Путин, согушту токтот” деген жазууну көтөрүп чыкканы үчүн “орус армиясынын беделин түшүрдү” деген айып менен 40 миң рубль айыпка жыгылган.

Былтыр августта активистке каршы кылмыш иши козголгон. Ал ВКонтакте социалдык тармагына Украинадагы согушту сындаган жети билдирүү жарыялаганы үчүн айыпталган. Иш декабрда сотко өткөрүлүп, 2023-жылдын мартында Павлов сыртынан камалып, издөөгө алынган.

Количество просмотров: 76