• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Астанада КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отуруму өттү

14 Тогуздун айы 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шериктештиктин тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2022-жылдын 14-октябрында Астана шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын күн тартибинин долбоорун карап, актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан 2023-жылы КМШдагы төрагалыкка даярдыгы тууралуу, ошондой эле уюмдун алкагында артыкчылыктуу багыттары жана мындан аркы өз ара аракеттенүү тууралуу маалымат берди.

Отурумдун жыйынтыгында бүгүн, 14-октябрда Астана өтө турган КМШнын мамлекеттер башчылар кеңешинин жана өкмөт башчылар кеңешинин отурумдарына бекитүүгө сунушталат бир катар документтер жактырылды.

Количество просмотров: 104