Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда өлкөгө расмий сапары менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды.
Жолугушууда эки жактуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара кызматташтык келечеги талкууланды.
Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар жаатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө көңүл бурду.
Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишеним көрсөтүүсүнүн далили экендигин белгиледи.
Ал Кыргызстанга эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү үчүн келгенин белгилеп, бул үчүн тараптардын жетиштүү потенциалы бар экенин айтты.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.