• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Астанада «Яндекстин» курьерлери иш таштады

11 Теке 2023 9:20 Бишкек Govori.TV

9-июль күнү кечинде Астана шаарында «Яндекстин» ондогон курьери эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен иш таштады. Акция учурунда тартылган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Астана шаардык полиция департаментинен кабарлашкандай, курьерлер алгач ЕХPО’нун аймагына топтолуп, кийин мопеддер менен «Казакстандык күн» монументин көздөй жөнөшкөн.

«Алар жол кыймылына олуттуу тоскоолдуктарды жараткандыктан, полиция кызматкерлери тарабынан токтотулду. Андан соң териштирүү үчүн Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилип, жол эрежесин бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышты», – деп жазылган департаменттин билдирүүсүндө.

Азырынча курьерлердин талаптары аткарылган-аткарылбаганы тууралуу маалымат жок.

Акыркы жылдары Алматы шаарындагы жеткирүү кызматтарынын курьерлери эмгек шарттарын жакшыртуу талабы менен бир нече жолу нааразылык билдирип чыгышкан. Айрым учурларда жумуш берүүчүлөр алардын талаптарын аткарган.

Количество просмотров: 60