• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аэропортто унаадан өлүгү табылган ишкер Саймаитинин курьери болгонбу?

18 Жетинин айы 2019 14:47 Бишкек Govori.TV

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити өзбекстандык жана тажикстандык бизнесмендердин акчасын Туркия менен Бириккен Араб Эмираттарына жибергени үчүн өз үлүшүн алып турган. Бул тууралуу Фейсбуктагы Bespredel.kg баракчасы жазат.

“Саймаити өз өнөктөштөрүнүн курмандыгы болду. Түркияга акча жиберүү үчүн аэропортко бараткан жолдо анын акча ташыган чабарманы өлтүрүлүп, анын тагдыры чечилди”, – деп жазган Bespredel.kg.

Белгилей кетсек, 39 жаштагы уйгур тектүү адамдын сөөгү 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан табылган.

Vesti.kg басылмасы өз булактарына таянып өлтүрүлгөн ишкер бир тууганы менен Түркияга акча жиберип турганын жазып чыккан.

Ал эми Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. “Азаттыктын” иликтөөсүндө ал аркылуу Кыргызстандан миллиондогон долларлар чыгарылып турганы айтылат.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалган. Түкиялык басылмалар кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экендигин жазып чыккан.

Булак: reporter.kg

Количество просмотров: 3169