• Дүйшөмбү 20 Теке 2026
  • Понедельник 20 Июль 2026

Ат-Башыда катуу шамалдын кесепетинен 5 жаран жабыркады

11 Бугу 202412:08 Бишкек Govori.TV

Ат-Башы районунда катуу шамалдын кесепетинен 5 адам жабыркады.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жабыркаган беш адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Алардын ичинде 2 бала бар.

Нарын облусунун башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу жабыркап, Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылган жарандардан кабар алып, аларга материалдык колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-майда Ат-Башы районунда 6 саатка созулган ылдамдыгы секундасына 24-27 метрге жеткен катуу шамал катталган.

Анын кесепетинен 5 адам жабыркап, 36 турак үйгө жана 6 социалдык объектиге зыян келтирилген.

Жеринде жарандык коргонуу кызматынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу тапшырмалары берилген.

Количество просмотров: 102