• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ат-Башыда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү

28 Үчтүн айы 202014:55 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриалдык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучу Алия Калыбекова видео жарыялады.

Маалыматка ылайык, тынчтык акциясына 100дөн ашык адам катышып, аталган борбордун Ат-Башыга кереги жок экенинин билдиришкен.

https://www.facebook.com/aliya.kalybekova.9/videos/2561432590779627/

Эске салсак, 2019-жылдын этегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башы районуна барып индустриялык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салып келген.Борбор Ат-Башы районунан 40 чакырым, Нарын облусунан 85 чакырым алыстыктагы аймакка курулганы жатат. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Количество просмотров: 150