• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ат-башылык мергенчи 39 бөрүнү жок кылды (видео)

23 Бештин айы 2018 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV

Кечээ, 22-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Булуӊ айылынын тургуну Талант Апысов дагы бир карышкырды жок кылды. Ал тайдын этин бөлө тартып жеп жаткан 3 карышкырдын бирин тайгандардын жардамы менен кармаганын  билдирди.

Муну менен мергенчи 1983-жылдан бери жалпы 39 карышкырды колго түшүрдү.


«Желе-Дөбө айылында бир тайды 3 карышкыр жерге жыгып, этин жеп жатышыптыр. Биз барганда 2 карышкыр качып кетип, бирин тайгандарым кармап калышты. Окуянын калганын видеодон көрсөӊүз болот», — деди Т.Апысов.


Ал 1983-жылдан бери кыргыз тайгандарын багуу менен алектенет.
«Эмнегедир ата-бабамдын мергенчилик нарк-насилин уланткым келди көрүнөт. Айтор, мергенчиликке аябай кызыгам. Бирок куш салып, тайган агыткан мергенчилик жагат. Элге, мал-жандыкка зыяны тийип жаткан жырткычтарга ууга чыгып, дайым ушундай жолдуу кайтабыз. Бүгүнкү кармаган бөрүнү кошкондо эсебимде 39 карышкыр болду.


Өзүмдүн 7 тайганым бар. Ар биринин мүнөзү, кыял-жоругу ар башка. Кыргыздын тайгандарын жоготпой келе жатабыз», — деп кошумчалады.


Булак: «Turmush»

Количество просмотров: 19