• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө эл менен кошо итти сууга түшүрүүдө

17 Баш оона 2018 11:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Ысык-Көл көлгө келген эс алуучу ити менен кошо сууга түшүп жаткан учурду күбөлөр видеотасмага тартып алышкан. Мындай көрүнүшкө ошол аймакта жүргөн эс алуучулар нааразы болушту, деп билдирген  окуянын күбөсү Чолпон Өмүрканова “Турмуш”,-сайтына.

«Мен өзүм Каракол шаарынан болом. Чолпон-Ата шаарында теплоходго эс алуучуларды түшүрүп турам. Күндөгүдөй эле элди «Элнуру» пансионатынан теплоходго түшүрүп коюп, көл жээкте отурганда бир эс алуучу ити менен көлгө түшүп жатканын көрдүм. Ал эс алуучуга барып айтайын десем көл жээкте «жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт» деген белги жок экен. Ошол жерди көзөмөлдөп турган балага барып айтсам, «биз ар бирөөнүн артынан ээрчип жүрмөк белек», деп кайдыгер мамиле кылып койду”,-дейт.

Теплоход менен көп пансионаттарга барып иштешебиз. Айрымдарында жаныбарлар менен түшкөнгө болбойт деген тыюу белгиси бар. Ит — айбан, көлдүн ичин булгашы мүмкүн. Мен көлгө түшөйүн деп жаткам, бирок итти көргөндөн кийин жийиркеничтүү болгондуктан түшкөн жокмун. Ушундай маселелерге көңүл бурулса жакшы болмок», — деди ал.

Количество просмотров: 28