• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ата-энесинин мушташынан жаракат алган 4 айлык наристе көз жумду

12 Үчтүн айы 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2019.Govori.TV.

Ысык-Көлдө жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен катуу жаракат алган 4 айлык наристе чарчап калды. Булактардын маалыматы боюнча, окуя 2018-жылдын 28-декабрында болгон.

Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылынын четинде жайгашкан кашарда жашаган жубайлар урушкан. Ошол учурда күйөөсү жыгач менен аялын чабам деп, колунда кармап турган төрт айлык кызын башка чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүнүн сол колунун булчуңуна сайып жиберген. Окуя болгон учурда күйөөсү мас абалда болгон.

Жаңжалдан кийин күйөөсү жана 4 айлык кызы Тоң райондук ооруканага жаткырылып, наристе бир күндөн кийин чарчап калган. Бул үй-бүлөнүн улуу эркек баласы туугандары менен бирге жашаганы белгилүү болду.

Учурда күйөөсү шектүү катары камакка алынса, аялы Баткенге – төркүнүнө кеткен.

Количество просмотров: 22