Бүгүн, 18-апрелде Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Темир-Канат айылында кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-апрелде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот.