• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Тоңдо 47 гектар жер мамлекетке кайтарылды

30 Кулжа 202611:52 Бишкек Govori.TV

Тоң районунда мыйзамсыз берилген 47 га ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул туралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Улахол, Ак-Терек жана Күн-Чыгыш айыл аймактарына караштуу жалпы 47,84 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2006-2008-жылдар аралыгында жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 65 млн сомго бааланган жер тилкелери толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 15