«Ата Мекен» менен «Туран» партиясы биригип, меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу партиянын фейсбуктагы баракчасында маалымдалат.
«Катарыбыз улам кеңейип жатат. Бүгүн блокко оппозициялык «Туран» партиясы бирикти. Буга чейин «Ата Мекен» жана «Реформа» партиялары түзгөн «Эге Мен» демократиялык коалициясына «Туран» партиясы кошулду», -деп жазылат маалыматта.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, 90 орундуу парламентке депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.