• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

26 Үчтүн айы 2024 14:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин ырасташты.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны өтүп, анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев муфтийлик кызматтан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

«Муфтияттын ишин ырааттуу жүргүзүп, казыяттарды, аймактардагы хатибияттарды өнүктүрүп, бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Ккеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын эмгек жамааты Замир кары Ракиевге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик жана бекем ден соолук каалашты», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 479