• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Муфтий Ракиев Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды

17 Чын куран 2023 12:43 Бишкек Govori.TV

2021-жылы коррупцияга айыпталган Мамлекеттик бажынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовго Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиевдин колунан ыраазычылык кат алды.

Матраимовдун ыраазычылык кат алып жаткан видеону Матраимовдордун үй-бүлөлүк «Исмаил-Ата» фонду жарыялады.

Маалыматка ылайык, 16-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил-Ата» мечитинде ыраазычылык катты тапшыруу аземи болуп өттү. Ракиев Матраимовго Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын катын тапшырды.

2022-жылдын август айында Матраимов Бишкекке муфтияттын жаңы имаратын курууга демөөрчүлүк кылып жүргөнү белгилүү болгон. Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Имам Сарахси мечитинин жанына заманбап имарат пайда болорун Исмаил-Ата фонду билдирди.

Капсула салууга муфтий Замир кары Ракиев, «Исмаил-Ата» фондунун жетекчиси Райымбек Матраимов, депутат Шайлообек Атазов жана өлкөнүн башка диний ишмерлери катышкан.

Эске салсак, Райымбек Матраимов Бажы структурасында 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен биргеликте коррупциялык схеманы түзгөн. Бул тууралуу Kloop, Азаттык жана OCCRP журналисттери 2020-жылы бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча биргелешкен иликтөөлөрдүн сериясында айтышкан.

Количество просмотров: 548