Дүйнөдөгү эң белгилүү жогорку кутюр үйлөрүнүн биринин негиздөөчүсү жана белгилүү «кызыл Валентинонун» жаратуучусу, италиялык дизайнер Валентино Гаравани 93 жашында каза болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары дизайнердин кайрымдуулук уюмуна шилтеме жасап жазышты.
Ал Римдеги үйүндө каза болгону кабарланууда.
Валентино италиялык моданын символдорунун бири деп эсептелип, тармакта «император» деген каймана атка конгон. Ал 20-кылымдын экинчи жарымында жогорку кутюрдун образын калыптандырган кутюрье муунунун өкүлү катары Джорджио Армани жана Карл Лагерфельд менен катар турган.