Кыргызстанда 15-мартты — Аталар күнү катары жыл сайын белгилөө сунушталууда.
Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Кубанычбек Самаков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Элмурза Сатыбалдиев жана Айбек Маткеримов жазган.
Документтин маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоору үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталганы жазылган.