• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев 50 млн. сом төлөп, абактан бошотулду

5 Жалган куран 2021 9:49 Бишкек Govori.TV

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган ишкер Жалил Атамбаев УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана келтирилген зыяндын бюджетке кайтарууга даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

«Бүгүнкү күндө зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салды. Калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди. Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Атамбаев ички иштер органдарынын иштеп жатканда мыйзамсыз байыганы жана башка бир катар кылмыш иштерине айыпталып, 3-мартта кармалган болчу. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ал мыйзамсыз ишкердик менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.

Количество просмотров: 15481