• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

29 Бештин айы 202510:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта, бул Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.

Ага ылайык, Атамбаев Кыргыз эл баатыры артыкчылык даражасынан, II даражадагы «Манас», «Данакер» ордендеринен жана «Даңк» медалынан ажыратылды. Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматына бул сыйлыктарды мамлекеттик сыйлыктар фондуна өткөрүп алуу тапшырылды.

Количество просмотров: 198