13-ноябрда кечинде “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин улуу Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков сурак берүү үчүн Бишкек шаардык милицияга жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Ал эми Бишкек милициясы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
Мунун алдында “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү.
Көп өтпөй Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы “Социал-демократтардын” Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.