• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Атамбаев Нарын Айып жана Дина Масловага койгон материалдык доосунан баш тартты

18 Бугу 2018 16:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18. 05.2018. Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге жана укук коргоочуга койгон материалдык доосунан баш тарткан. Бул тууралуу КСДП партиясынын катчылыгы атайын билдирүү таратты.

Маалыматта Алмазбек Атамбаев “Расмий катталган маалымат ресурстарында жана медиа коомчулукта соңку жылда болгон позитивдүү өзгөрүүлөр журналисттер Нарын Айыпка жана Дина Масловага, укук коргоочу Чолпон Жакуповага карата доо арызымдын материалдык бөлүгүнөн баш тартуума мүмкүнчүлүк берүүдө” деп айтып, ошону менен материалдык доодон баш тартканы айтылат.

Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаев ар-намысына шек келди деген жүйө менен «Заноза»  сайтынын журналисти Нарын Айыпка 9 млн. Дина Масловага 3 млн. сом  доо коюп, сот Атамбаевдин пайдасына чечкен болчу. Ошондой эле экс-депутат, укук коргочу Чолпон Жакупова да экс-президентке 3 млн. сом төлөөгө соттон милдеттенген эле.

 

Количество просмотров: 16