• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Атамбаевдин айлыгынан байлыгы көп “жаш” кадрлары

11 Бештин айы 2018 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.12.2018. Govori.TV

Экс-президентАлмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына маек берип жатып, учурдагы коррупция менен болгон күрөштү жөн гана көз боемочулук деп атап, азыркы бийлик өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мультимиллионер болгондор менен ымала түздү деп сын айтты…

А бирок, Атамбаев буларды айтып жатып, өзү тандап келген кадрлары учурда коррупция менен кармалып, айлыгынан байлыгы көп деп аталып жатканын эске алган жок. Эске салсак жакында эле мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге мыйзамсыз түрдө байлык топтогон деп айып тагып, камакка алды.

Буга чейин анын оң колу болуп жүргөн мурунку премьер-министр Сапар Исаков дагы учурда камакта экенин эске салалы.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына  жакын санаалаш иниси Абдил Сегизбаевди олтургузуп, ал дагы эл ишенминен чыкканда кызматтан алынган.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аяш уулу делген, Айбек Калиев Бишкек жылуулук электро борборундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары камакта отурганы дагы Атамбаевдин эсинен чыгып калса керек.

Атамбаевдин дагы бир жаш кадры мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбай жаткандыгына байланыштуу иштен алынганы айтылган.  

Учурда экс-президенттин алып келген ишенимдүү жаш адистеринин арасында КТРКнын жетекчилик кызматын аркалаган Илим Карыпбеков калды.

Ошентип мурдагы ажо өзү башкарган учурдагы адистери коррупция менен кармалып, миллиондору ачыкталып жатса да азыркы президентке бет тырмачылык кылгандай болуп калды. Мындан улам коомчулукта экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалы аркылуу жообу даяр суроолорго жооп бербестен, коомчулуктун суроосун канааттандырсын деген деген талап коюлууда…

Количество просмотров: 7