• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Атамбаевдин тарапташтары соттун алдына митингге чыгышты

3 Бирдин айы 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.

Акцияга чыккандар “биз Алмазбек Атамбаев үчүн”, “өлкөнүн артка кетишине Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турганын көрүүгө болот. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина дагы бар. Алар мурдагы мамлекет башчыны үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 3- февралда Биринчи Май райондук сотунда мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жана Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтмөк.

Количество просмотров: 399