Бишкек шаарынын мэриясында Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү.
Жыйын мэр Айбек Джунушалиев, Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
«Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 2024-жылдын 20-майына пландаштырылган»,-деп жазылат маалыматта.
Ведомстволор аралык кеңешменин жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, Ататүрк паркынын аймагын Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтому менен бекитилген чек аралардагы парктын жер участокторун кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Эске салсак, 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 токтому менен бекитилген 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.
Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек.