Бийчи Атай Өмүрзаков өзү жетектеген «Адэм» бий тобун «Asia`s Got Talent» сынагынын финалында колдоого чакырат.
Бийчи интернеттеги жеке баракчасына: «Ошентип «Адэм» бий тобу «Asia`s Got Talent» сынагынын финалында калыстар тобу жана көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эми бул теледолбоордо жеңүүчү болуп, Азиянын мыкты таланттары аталыш үчүн сиздердин жардамыңыздар керек. Ал үчүн добуш бериңиз. Күн сайын шилтеме аркылуу кирип 10 добуш берсеңиз болот. Добуш берүү алты күн жүрөт», — деп добуш берүү үчүн https://g.co/kgs/t7bwSn ушул даректи жазган.
Эскерте кетсек, Кыргыздын «Адэм» бий тобу сынакта алгач «алтын баскычка» ээ болуп андан соң көрүүчүлөрдүн добушунун көбүнө ээ болгондуктан финалга жолдомо алышкан.