Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынынында Шайлообек Атазав коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маселени карап жаткан учурда «саламаттык сактоо министрине кылмыш иши козголгон. Кийин ал аппак болуп чыкты. Учурда башка кызматта иштеп жатат. Эми ошол боюнча кылмыш ишин козгогон тарап жоопко тартылуусу керек беле?»,-деген суроо салды.
Буга башкы прокуратуранын өкүлү бул тууралуу маалыматы жок экенин айтып, кагаз жүзүндө жооп берерин билдирди.