• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Аткезчилик менен келген 72 млн сомдук дары-дармек аныкталды

16 Бугу 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

Ошто аткезчилик жол менен келген 72 млн сомдук дары-дармек аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Бажы жана УКМК кызматкерлери тарабынан 12-майда Достук алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайынын аймагында К.Н.Х. аттуу өзбек жаранынын башкаруусундагы LABO LB2 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 469 кг түзгөн дары-дармекке транспорттук коштомо кагаз табылган. Бирок жүк сактагычтан эч кандай жүк табылган эмес. Аталган дары-дармектер кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын чыга турган аймагынан табылган жана алардын салмагы 427 кг түзүп, 1340 таңгак болгон.

Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн баалоосуна ылайык, кармалган товардын жалпы баасы 72 млн 25 миң сомду түзгөн.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 92