• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

30 млн. сомдук алтын куймалар чек арадан мыйзамсыз чыгарылып баратканда кармалды

20 Аяк оона 202415:05 Бишкек Govori.TV

30 миллион сомдон ашык суммадагы алтын куймаларын тиешелүү документтери жок мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

17-сентябрда Казакстан аймагына бараткан «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү автомашина кармалды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.

Учурда тергөө ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.

Количество просмотров: 228