• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргыз-Казак чек арасындагы аткезчилик

9 Чын куран 202621:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында каттоосуз товарлардын ири партиясы кармалды.

«Ак-Тилек – автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда чек арачылар мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз жүк ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1988-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.М.В. башкарган Volvo Truck үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Казакстандан келип, эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн, бирок тиешелүү коштоочу документтери жок экени аныкталган.

Количество просмотров: 131