• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Атыр Абдрахматова: Кызматтан алынуум куугунтук жана интрига

8 Бештин айы 2017 14:43 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басарлыгы кызматынан алынган Атыр Абдрахматова кызматтан алынуу себебин башкача ойдо болгондорго карата куугунтук деп атады.

“Бул БШКдагы көпчүлүктөн башкача ойдо болгондорго карата куугунтук. 2016-жылы иштеп баштагандан бери чындыкты, мыйзамдуулукту, бейтараптуулукту талап кылып, ким кайсы партиядан болбосун, кимдин тууганы же досу болбосун бардык учурда мыйзам так аткарылышы керек деп, БШКнын ишмердүүлүгү, эл үчүн таза, акыйкат, ачык  жүрүш керек деген позицияма байланыштуу төраганын орун басары кызматынан кетиришти. Өткөн референдум, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу, президенттик шайлоодо жөнөкөй шайлоочулардын укуктарынын так сакталышын, шайлоого катышкан талапкер же саясий партия болобу аларга тең, бирдей мыйзамдуу мамиле, мыйзамдуу чечимдердин кабыл алынышын талап кылып, административдик ресурска каршы далай чыктым. Шайлоо маалында көптөгөн ишиме бут тосуу, каралоо жана башка провокациялар болгон. Азыркы учурда да тымызын интрига жүргүзүшүп, жумурткдан кыр издеп таппай турган кези. Кандай болбосун, БШКнын катардагы мүчөсү катары да мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту талап кылып иштей берем,”-деди БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова

Эске салсак, бүгүн 8-декабрда БШКнын кезектеги  жыйынында президенттин квотасы менен келген мүчөлөрүнүн арызынын негизинде Атыр Абдрахматова БШКнын төрага орун басарлыгынан алынган.

Количество просмотров: 5