• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атыр Абдрахматова кызматынан алынды

8 Бештин айы 2017 12:40 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Атыр Абдрахматованы БШК төрайымынын орун басары кызматынан алышты. Чечим БШКнын 8-декабрдагы жыйында кабыл алынды.

Президенттин квотасы менен келген БШК мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Жыйында докладды БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев окуду. Арыздануучулардын арызында Атыр Абдрахматова президенттик шайлоону өткөрүү мезгилинде айрым кесиптештерине жагымсыз сөздөрдү айткан деп көрсөтүлгөн.

Көпчүлүк БШК мүчөлөрү Абдрахматованы төрайым орун басарлыгынан кетирүүгө добуш беришти.

Эске салсак, Атыр Абдрахматова президенттик шайлоонун жүрүшүндө бир катар мыйза бузуучулуктарды келтирип, шайлоонун жыйынтыгын таануучу протоколго өзгөчө пикирин келтирген.

 

Количество просмотров: 6