Чынара Жунусова аттуу айым социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек дыршаевич Ташиевге кайрылуу жолдоду.
«Менин кызым, аутизмдин оор түрү менен жабыркайт. Психолог Илья Ананьевдин жеке сабактарында кызым бир нече жолу жаракат алган. Ал дайыма анын колун бурап, ооруткан ыкмаларды колдонгон. Наристе сүйлөбөйт жана ооруну айта албайт. Ал жөн гана чыдаган. 2024-жылдын 23-декабрында, дагы бир ушундай кол салуудан кийин, анын колу сынган. Андан кийин анын ден соолугу үчүн бир нече айга созулган күрөш башталган. Биринчи операциядан кийин катуу сезгенүү пайда болгон. Андан кийин катары менен дагы төрт операция болгон…
Илья Ананьевден биз кечирим сураганын да, жардам берүү аракетин да көргөе жокпуз. Эми ал жана анын адвокаты жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатышат», — деп жазат ал.
Чынара Жунусова тергөө бир жылга созулуп, иш учурда Ленин сотунда каралууда.