• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аваз Акимов Айдана Декага сулуулук салонун белек кылды

14 Үчтүн айы 2019 9:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Ырчы Аваз Акимов сүйүктүүсү, ырчы, бийчи Айдана Декага сулуулук салонун белек кылды. Салондун ачылышы бүгүн, 13-январда өттү. Ал Бишкек шаарында жайгашкан. Салон ачып берүү идеясы кантип жаралып калды деген суроо менен ырчы жигитке кайрылганыбызда, Айдана Дека көптөн бери өзүнүн сулуулук жайын ачууну кыялданып жүргөнүн билдирди.

«Ал кесибине байланыштуу ар кайсы салондорго барып боёнуп, керектүү кызматтардан пайдаланып жүрдү. Ошондой учурда «менин өзүмдүн салонум болсо» деп айтып калчу. Ал кыялын эске алып койгон элем. Ойлонсом салон ачсак кийин, Кудай буюрса, үй-бүлөлүк бюджетке да пайда болчудай.

Мындан улам өткөн жылдын октябрь айында салон ачып берем деп убада кылгам. Айдана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын көргөн, бирок мынчалык бат бүтөрүнө ишенбесе керек. Андыктан бүгүн абдан кубанды. Мен сулуулук дүйнөсүндөгү иштерди көп түшүнбөйм, салонду Айдана өзү иштетет, абдан мээнеткеч, жолго коюп кетерине ишенем», — деди ырчы мырза.

Өз кезегинде Айдана Дека көптөн берки кыялын сыйкырчыдай орундаткан сүйүктүүсүнө ыраазычылык билдирди.

Аваз Акимов менен Айдана Дека кыз-жигит мамилесинде экенин өткөн жылы ырчы бийкечтин туулган күнүндө ачыкташкан.

Булак: super.kg порталы

Количество просмотров: 24