• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркмөнстанда сулуулук салондору жапырт жабылууда

15 Чын куран 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда сулуулук салондору жапырт жабылууда. Дээрлик бардык косметикалык кызматтарга жана процедураларга тыюу салынды. Чач тарачтар гана иштеп жатат. Өлкөдө чач боёго да тыюу салынган.

«Бүттү! Маникюр, педикюр, косметология, укалоо, депиляция, кашты коррекциялоо. Иштегенге болбойт», — деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын Ашхабаддагы өз булагы.

Редакциянын кабарчылары борбор калаадагы эң ири үйлөнүү-үлпөт салону да жабылганын кабарлашты. Мындан тышкары өлкөдө дресс-код да катаалдаштырылды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, коомчулук арасында Сердарга нааразылык күчөдү. Сулуулук салондорунун мастерлери косметикалык кызматтарга тыюу салуу – өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү табитине байланыштуу экенин билдиришүүдө.

Түркмөн бийлиги жарандардын тышкы келбетине байланыштуу жаңы талаптар боюнча расмий түрдө комментарий бере элек.

Количество просмотров: 256