• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Августтун аягында кыргызстандыктар 3 күн эс алышат

18 Баш оона 2020 19:50 Бишкек Govori.TV

Август айынын акыркы күндөрү кыргызстандыктар 3 күн эс алышат.

31-август — Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнү — календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат. Эгемендүүлүк майрамы дүйшөмбүгө  келгенине байланыштуу 29-30-31-август күндөрү мамлекеттик мекемелер, ишканалардын кызматкерлери жумушка чыкпайт.

 Белгилей кетсек, 1991-жылдын 31-августунда Легендарлуу парламенттин 6-кезексиз чакырылышында Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү, демократиялуу өлкө деп жарыяланган.

Количество просмотров: 250