31-август күнү Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнүнө арналган ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси болот.
Жарманкеде 100дөн ашуун ата мекендик компаниянын тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана авто өндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.
Көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болот.