• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

27 Баш оона 20248:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери өтөт.

Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

“Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 72