Жүргүнчүлөрүн унаадан белине чейин чыгарып, ээнбаштыкка жол берген айдоочуларга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Социалдык тармактарда “AUDI”, “Honda Stepwgn”, “Subaru Legacy” үлгүсүндөгү авто унаалардан жүргүнчүлөр белине чейин чыгып алган видео тараган.

Бул факты боюнча Каракол ШИИБдин кызматкерлери айдоочуларды издеп таап, ээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочуларга 15 000 сом айып салып, унаасын айып короого токтотушту.
Тойго баратканына жетине албай унаадан белине чейин чыгарып алган жаш балдарга «кокустук болуп, бирөө эле тоголонуп кетсе, дөңгөлөктүн алдына калып, тоюңар кырсык менен коштолот. Ата-энеңердин шору катат. Эмне деген кырсыктар болуп, адам өмүрү кыйылып жатканын көрүп жатасыңар. Кырсыктарды алдын алуу үчүн ушундай кадамга барганга аргасызбыз. Силерге көрүлгөн чара башкаларга сабак болушу керек» -деп Каракол ШИИБдин кызматкерлери ээнбаштыкка жол берген унаанын айдоочууларына да, жүргүнчүлөрүнө да түшүндүрүштү.