• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Автобус, троллейбустун айдоочуларына рейд өтүүдө

13 Аяк оона 202410:05 Бишкек Govori.TV


Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте, троллейбус жана автобус айдоочуларынын арасында рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Адистер транспорттун санитардык, техникалык абалын, айдоочулар үчүн жарактуу талондордун бар-жогун, ошондой эле төлөм ыкмаларын, анын ичинде QR-код аркылуу төлөмдөрдү текшеришет.

Мындан тышкары, окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын интервалдары жана жүргүнчүлөрдү ташуу көзөмөлгө алынууда.

Количество просмотров: 111