• Жекшемби 21 Кулжа 2026
  • Воскресенье 21 Июнь 2026

Дарбыз менен коондор нитраттарга текшерилип жатат

17 Кулжа 202612:44 Бишкек Govori.TV

Баткенде фитосанитардык өткөрмө посттордо дарбыз жана коонду текшерүү боюнча рейддик иш-саралар башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана калктын ден соолугун сапатсыз продукциялардан коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Текшерүү учурунда адистер нитратомер шаймандарынын жардамы менен бахча өсүмдүктөрүнүн курамындагы нитраттардын өлчөмүн ченеп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата нитраты нормадан ашкан учурлар катталган жок.

Бул иш-чаралар базарларга зыяндуу продукциялардын киришине бөгөт коюу жана калк арасында ууланууну алдын алуу максатында сезондун аягына чейин үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 76