1-июлдан баштап Бишкек шаарындагы автобустарда жол кире акысы накталай эмес (электрондук) түрдө гана кабыл алынат. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.
Мэрдин айтымында, эгерде жарандардын жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда алар автобуска киргизилбейт.
Ал ошондой эле кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр орун алса, буга «Тулпар» долбоору жоопкерчиликтүү болорун белгиледи.
«Эгерде система иштебей, төлөм өтпөй калса, анда жүргүнчү акысыз жүрүүгө укуктуу», — деди Айбек Жунушалиев.
Мэриядан кошумчалашкандай, кээ бир жүргүнчүлөр жол кирени атайылап төлөбөй өтүп кетишет. Мындай учурларда айып пул салуу сыяктуу административдик чаралар көрүлөт.