• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Автобустарга, аялдамаларга, имараттарга жарнама чаптагандарга айып салынат

27 Аяк оона 202417:15 Бишкек Govori.TV

Муниципалдык инспекция белгиленбеген жерге жарнама такталарын жайгаштыргандарга айып пул салууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча белгиленбеген жерге жарнама илгендиги үчүн «Центральная Азия» ЖЧКсына жана «Элит Спа» ЖЧКсына, ошондой эле жеке ишкерлер З.Э. жана Н. Нга протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Эскерте кетсек, шаар ичиндеги жүргүнчү ташуучу унааларга, имараттарга, тосмолорго, аялдамаларга, жарыктандыруу түркүктөргө ар кандай кулактандырууларды, маалыматтык билдирүүлөрдү, жарнамаларды чаптоого жана илүүгө тыюу салынат.

1-сентябрдан 24-сентябрга чейин мындай эреже бузууларга карата муниципалдык инспекциянын инспекторлору тарабынан 43 протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 119 000 сомду түзгөн.

Количество просмотров: 111