Бүгүндөн тарта Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо иштерине байланыштуу 14 автобустук каттамдын жүрүү чиймелери убактылуу өзгөртүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, өзгөртүүлөр
№104, №212, №222, №254, №7Т, №25, №243, №216, №145, №103, №66, №42, №36 жана №24 каттамдарга тиешелүү.
«Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдар айрым тилкелерде убактылуу альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.