• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Автомектепте жакшы окугандар 4 айда айдоочулук күбөлүк алышы мүмкүн

9 Бирдин айы 202613:11 Бишкек Govori.TV

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик автомектептерге курсанттарды кабыл алуу башталарын билдирди.

Мындан тышкары ал төрт ай окуп экзаменден өткөндөргө убактылуу айдоочулук күбөлүк берилерин кошумчалады.

“Теориялык сабактар 320 саат болот. Төрт айдын ичинде 3-4 курсантыбыз окууга даяр болгон болсо тест алып, экзамендерге киргизебиз”, — деди ал.

Туманбаев 4 айда окууну ийгиликтүү аяктагандарга айдоочулук күбөлүк бир жылдык мөөнөткө берилерин жана алар бир жылда жол эрежесин бузбаса, күбөлүктү толугу менен аларын айтты.

Ал кошумчалагандай, автомектепти онлайн же барып окуса да болот.

Количество просмотров: 140