Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов өлкөдөгү жол кырсыктарынын негизги себептери автоунаалардын талаптагыдай эместиги жана көп учурда маданияттын жоктугу экендигин белгиледи. Анын маалыматына караганда 80 пайыз автоунаалар он жылдан ашуун колдонулган жана айдоочулар көп учурда тиешелүү талаптарды такташпайт.
» Статитистикага караганда 80 пайыз жол кырсыктары айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгат. Буга көп учурда автоунаалардын абалы менен айдоочулардын даярдыгынын жоктугу себеп болот. Ошондой эле көчөлөрдүн абалы дагы буга себеп”-дейт Ыманалы Саркулов.