• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Автоунааларга утилизация салыгынын киришинин терс жактары кандай?

26 Жалган куран 2024 14:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-вице-спикер, саясат талдоочу Кубанычбек Исабеков бийликке кайрылуу жолдоп, автоунааларга утилизация салыгынын киришинин терс жактары кандай болуусу мүмкүн экенин айтты.

Ал салыктын көтөрүлүшү Кыргызстандын аймагында эски, экологияга зыянын келтирген унаалардын көбөйүшүнө алып келет деп эсептейт.

«Жакында Акылбек Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугуп келген. Ал жерде коюлган маселелердин бири утилизация деген салыкты киргизебиз деп жатат. Кыргызстандын жарандары өткөн жылы 70 миңден ашуун унааны Россиянын жарандарына сатышкан. Көпчүлүгү Кытайдан, Түштүк Кореядан чыккан унаалар болчу, электромобилдер. Себеби, биз бир бажы уюмунда болгонубуз менен биздин салык бажы төлөмдөрү Россияныкынан төмөн, мисалы НДС аларда 20% болсо, бизде 12 эле пайыз, коңшу Казакстандыкынан да биздики аз. Алардын өкмөтү мындай маселе койгонго укугу бар. Ошол эле маалда биз дагы өзүнчө эгемендүү өлкө катары өзүбүздүн ички сырткы саясатты, экономикалык саясатты өзүбүз чечкенге акыбыз бар», дейт Исабеков .

Ошондой эле ал өз билдирүүсүндө, өзүбүздүн жарандарыбызга тоскоол болуу туура эмес деген пикирин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Россияга кирген унаа үчүн төлөмдү эсептөө тартиби өзгөрөт. Бул чечим автоунааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндө бажыдан өткөрүп, кийин Россияга ташыган жаран, компаниялар менен автоунааны түз эле Россияда салык, жыйым төлөп, бажыдан өткөргөндөрдү бирдей шарт менен камсыз кылуу үчүн кабыл алынган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, Кыргызстандын аймагында бажы жол-жоболоштуруусунан өткөн транспорттук каражаттарды Россия Федерациясынын аймагына ташып келүү менен байланышкан ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактарга бажылык жол-жоболоштуруу үчүн төлөнгөн бажы алымдарынын суммасын теңдөө жөнүндө маалымдаган.

Маалыматта, Кыргыз Республикасындагы автотранспорт каражаттарынын Россия Федерациясында төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы менен — бажы төлөмдөрү жана кайра иштетүү үчүн алым түрүндө кошумча төлөм киргизилгени айтылган.

2023-жылы Кыргызстан автоунааларды импорттоону жана ошол эле учурда аларды Орусияга экспорттоону кыйла көбөйткөн. Импорттун негизги булактары Түштүк Корея менен Кытай болгон. Бирок бул өлкөлөрдөн алынып келинген унаалардын көбү Орусия менен Казакстанга экспорттолот.

Количество просмотров: 81