• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жүк ташуучу унааларга текшерүү жүрүүдө

25 Аяк оона 202517:40 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы өлкө аймагында кооптуу жүк ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу максатында ири масштабдагы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүү учурунда төмөнкү жагдайларга өзгөчө көңүл бурулууда:

  • унаалардын техникалык абалы;
  • коопсуздук жабдыктарынын талапка ылайык жабдылышы;
  • жол кыймылынын жана кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эрежелердин сакталышы.

Муну менен катар, айдоочуларга коопсуздук чаралары боюнча нускамалар өткөрүлүп, эреже бузуулар аныкталган учурда тиешелүү административдик протоколдор түзүлүүдө.

Количество просмотров: 170